Коронавирустан улам Октябрь акимиатынын кызматкерлери имараттан чыга албай калышты

26 мая 2020 Коронавирустан улам Октябрь акимиатынын кызматкерлери имараттан чыга албай калышты

Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин бир жумушчусу өз ысымын атабастан билдирди.

Анын айтымында, учурда мекеме жабылып, ал жакта иштегендерден анализ алынууда.

Азырынча окуя боюнча Бишкек мэриясы, Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык штаб расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Жалпы вирусту жугузуп алгандардын саны 1468ге жетти.

Акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамасынан окуңуздар.

sputnik