Өлкөдө өткөн суткада коронавирус 30 адамдан чыкты

25 мая 2020 Өлкөдө өткөн суткада коронавирус 30 адамдан чыкты

Кыргызстанда өткөн суткада 30 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министриринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 1400 болду.

Кыргызстандагы COVID-19

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik