Жылкылардан оору чыктыбы? Мессенджерде тараган маалыматтын чын-бышыгы айтылды

22 мая 2020 Жылкылардан оору чыктыбы? Мессенджерде тараган маалыматтын чын-бышыгы айтылды

Кыргызстанда жылкылардан эч кандай оору чыккан жок. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.

Буга чейин соцтармак, мессенджерлерде жылкылардын ылаңы тууралуу маалымат тарап кеткен.

"Жылкылар турган жеринде бышылдап эле жыгылып жатат. Этин жебей тургула, кымызды да этияттагыла. Айрыкча "теңгене" эт деп келсе албагыла, тааныштарга таратып койгула!" — деген билдирүүлөр тараган.

Мындан сырткары соцтармакка жылкылардын жөтөлүп, ары-бери чуркап өлүп калып жаткан видеолору да тараган. Аларды тарткан авторлор малга да коронавирус жукканын айтышкан.

facebook.Видео

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат катчысы Рахат Садырбекова "жылкылардан коронавирус чыгып жатат" деген фейк экенин айтып, видеодогу өлгөн жылкыны инспекция кызматкерлери текшерип келгенин кошумчалады.

"Бул видео Ысык-Көл облусунда тартылыптыр. Анда бир нече эмес, бир эле жылкы ушундай кыйналып өлгөн. Ал кайдан тартылганын аныктаган соң кызматкерлерибиз барып анализ алды. Республикалык лабораториядан анализи таза чыкты. Эч кандай вирус жок экен. Өлкөдө жылкылардан, малдан вирус табылган жок. Андай коркунуч жаралса, биз алдын ала маалымат бермекпиз. Айрымдары жылкынын өлгөн эски видеолорун деле соцтармакка жүктөп жатышат", — деди Садырбекова.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарды кымызга коркпой эле барып, бээнин сүтүн кооптонбой иче беришин айта кетти.

sputnik