21 мая 2020
Кыргызстанда бүгүн 43 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттыксактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 22 кишиден чыгып, аларга Санкт-Петербург шаарынан келген бир адам кошулду. Ош шаарында бешөө, Чүйдө бир адам, Ош облусунда төртөө, Нарында сегиз, Баткенде эки кишиден табылган.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1313 болду.
Өлкөдө ушу тапта абал кандай болуп жатканын редакция жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.