Экономисттер бара-бара "финансылык альянс" түзүлүп, америкалык акча бирдиги сүрүлүп чыгарын болжолдошууда. Анын үстүнө инвесторлор валютадан баш тартып, алтынга басым жасап жатышканы айтылып келет. Доллардын азыркысы менен келечектеги абалына РИА Новости саресеп салган.
18 августа 2020Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 273-беренеси ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") менен катталды.
18 августа 2020Кыргызстанда коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайра карап чыгып, 437 адамдын COVID-19дан эмес, башка илдеттен каза болгону аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
18 августа 2020Жогорку окуу жайларда жана колледждерде менчигинин түрүнө карабай быйылкы окуу жылы онлайн форматта башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
18 августа 2020Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова уйку гормону мелатониндин организмге тийгизген пайдасы жана анын жетишсиздиги кандай коркунучтарды жаратары тууралуу айтты.
18 августа 2020Анда Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын администрациясы, окутуучулары жана студенттер үчүн онлайн окутуу мезгилинде ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты.
18 августа 2020Акыркы суткада коронавирустан эки киши көз жумганын Республикалык штаб билдирди. Ага ылайык, Бишкек жана Баткен облустарында бирден бейтап ооруну жеңе албай калган.
18 августа 2020Бүгүн өлкө аймагында 155 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Маалыматта мунун үчөө медицина кызматкерлери экени айтылат.
18 августа 2020Wi-Fi-роутеринен чыккан электромагниттик нурлануудан оолак болуу үчүн аны уктоочу бөлмөдөн алыс коюп же түндө өчүрүп салуу керек. Бул тууралуу "Синергия" университетинин маалымат технологиялары институтунун директору Станислав Косарев билдиргендигин РИА Новости жазды.
18 августа 2020"Кээде оору субклиникалык мүнөзгө ээ болгондо билинет. Бул дарт адам баскан учурда алы кетип, чарчаганда, буттары шишигенде байкалат. Бөйрөк оорусу артериялык гипертониядан пайда болушу мүмкүн", — деди дарыгер.
18 августа 2020Бул ирмемдерди Саламаттык сактоо министрлиги жарыялады. Кадрдан жеке коргонуу каражаттарын кийген дарыгерлер бийлеп, акыркы бейтапка гүл берип, башына жоолук салып узатканын көрүүгө болот. Өз кезегинде айыгып чыккан карыя медиктерге таазим этип, батасын берген.
17 августа 2020Кыргызгидромет агенттиги сентябрь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
17 августа 2020Бишкекте адам өмүрүн алган автокырсык катталды. Бул тууралуу видео "Короче" Телеграмм каналына жарыяланды.
17 августа 2020Назарбаева баласы эмнеден улам каза болгонун айткан эмес. Айсултан жекшемби күнү көз жумган. Алдын ала маалымат боюнча, анын жүрөгү токтоп калган.
17 августа 2020Цитрус өсүмдүктөрү шишиктердин чоңоюшун жайлатып, тамак-аш сиңирүү системасын жакшыртып жана сөөктөрдү бекемдейт. Ал "декоративдүү мандарин" жана "алтын апельсин" деген ат менен белгилүү кумкват өсүмдүгү экенин РИА Новости жазды.
17 августа 2020Россияда коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө саюу бир айдан кийин башталат. Бул тууралуу РИА новости агенттигине Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунунун директору Александр Гинцбург билдирди.
17 августа 2020Бала тууралуу маалымат билгендер болсо милиция төмөнкү телефондорго кайрылууну сурайт: (0555) 10-21-49, (0502) 10-21-49, (0703) 68-68-83, (0707) 55-78-87, (0707) 55-78-87 жана 102.
16 августа 2020Адистердин божомолу боюнча, ноябрь-декабрь айларында COVID-19дун экинчи толкуну болушу ыктымал. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
16 августа 2020Кадрдан бала бассейнге кулап түшкөндө кыз чуркап келип, ойлонбой туруп сууга секиргендигин көрүүгө болот. Ал тургай бөбөктүн дем алышы үчүн баланы башынан кармап турган. Ал арада ошол жердеги чоңдор чуркап келип, аны суудан алып чыгышкан.
16 августа 2020Түндө Лондон шарында 30 жашка чыгып-чыкпай, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болду.
16 августа 2020Бүгүнкү күндүн эсеби менен Кыргызстанда 308 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
14 августа 2020Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус инфекциясына кабылган төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
14 августа 2020Маркумдун сөөгүн суудан куткаруучулар алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
14 августа 2020Компания 26-марттан тартып өкмөттүн сунушу менен карызы бар абоненттерди өчүрүүнү үч айга токтотконун түшүндүрдү. Бирок учурда почта бөлүмдөрүнүн баары штаттык режимде иштеп жаткандыктан, «Түндүкэлектр» мурдагы иш ыргагын калыбына келтирет.
14 августа 2020"Ачка болгондо зат алмашуу ого бетер жайлайт. Себеби организм стресске учурап, энергияны болушунча үнөмдөйт. Бул учурда адамдын организминен булчуңдун массасы менен суу кетет, бирок май калып калат", — деди адис.
14 августа 2020Сентябрь айынан тарта Россия жакынкы чет өлкөлөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу авиабайланыштарды жандантат. Бул тууралуу өлкөнүн Туристтик операторлор ассоциациясынын сайтында айтылат.
14 августа 2020Мамлекеттик ипотека алууну каалагандар коммерциялык банктарга кайрылса болот. Бул максатка багытталган акча мамлекетте ири өлчөмдө бар. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова брифинг учурунда айтты.
13 августа 20209-июлдан 6-августка чейинки маалыматтарды камтыган докладга ылайык, мамлекетте 179 990 бала коронавирус жуктурган. Жыйынтыгында башынан бери ооруган балдардын саны 338 982ге жетип, жалпы вирус жуктургандардын 8,8 пайызын түздү.
13 августа 2020Бүгүн Кыргызстанда дагы 310 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
13 августа 2020"Бул кемчиликтердин арты Сокулук районунда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышына алып келген", — деп айтылат маалыматта.
13 августа 2020"Бир жагынан мугалимдердин кагазга байланыштуу иштери азаят. Экинчи жагынан ата-эне менен мектептин байланышын жакшыртат. Алар бир гана смартфондун жардамы менен балдарынын жетишкендиктерин, бааларын көзөмөлдөп турушат", — деп айтылат кабарда.
13 августа 2020Эртең мененки тамактын курамында белок да, углевод да болгону жакшы. Бул тууралуу диетолог Юлия Чехонинанын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды.
13 августа 2020Изилдөө Япониянын Китасато университетинин ооруканасынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн. Эки жыл аралыгында алар 870 бейтапка байкоо жүргүзүп, катышуучуларды карегинин чоң жана кичинесине карап эки топко бөлүшкөн.
13 августа 2020Бүгүн Бишкек — Ош автожолунда эки бензовоз кырсыктап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
12 августа 2020