Нефролог бөйрөктү талкалай турган азыкты атады

18 августа 2020 Нефролог бөйрөктү талкалай турган азыкты атады

Ашкана тузу адамдын оорубаган бөйрөгүнө да зыян. Бул тууралуу нефролог Людмила Артюхина билдиргенин РИА Новости жазды.

Адис бүгүнкү коомдогу фастфуд жана жарым фабрикат тамак-аштарын пайдалануудагы көйгөйгө, ошондой эле туз көп кошулган тамактарга көңүл бурган.

Дарыгердин айтымында, бөйрөк дарты менен жабыркагандарда оорунун симптомдору көп учурда билинбейт. Ошондуктан бейтаптар илдет өтүшүп кеткенде ооруканага кайрылышат.

"Кээде оору субклиникалык мүнөзгө ээ болгондо билинет. Бул дарт адам баскан учурда алы кетип, чарчаганда, буттары шишигенде байкалат. Бөйрөк оорусу артериялык гипертониядан пайда болушу мүмкүн", — деди дарыгер.

Артюхина ошондой эле артериалдык басым боюнча көйгөй жаралса, медициналык кароодон өтүү зарылдыгын белгилеп, бөйрөктүн сак-саламат болушу үчүн сергек жашоо образын сактоо маанилүү экенин кошумчалады.

sputnik