437 адам COVID-19дан өлгөн эмес. Министрлик статистиканы кайра карап чыкты

18 августа 2020 437 адам COVID-19дан өлгөн эмес. Министрлик статистиканы кайра карап чыкты

Кыргызстанда коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайра карап чыгып, 437 адамдын COVID-19дан эмес, башка илдеттен каза болгону аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө 18-августка карата коронавирустан каза болгон адамдардын саны 1 498ге жеткени айтылган.

Бирок Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы кайра карап чыкканда 437 адам коронавирустан эмес, башка оорудан каза болгону аныкталганы айтылды. Муну менен каза тапкандардын саны 1 053 деп катталууда.

"Буга чейин каза болгондордун статистикасы COVID-19 жана пневмониянын саны кошулганда бурмаланып калды. Мындан улам коронавирус шарттаган өлүмдүн себебин изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн", — деди Каратаев.

Комиссия башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, 2019-2020-жылдардын жети айындагы өлүмдөрдүн эл аралык методикалык сунуштардын негизинде каза болгондордун себептерин иликтеген.

Натыйжада көз жумган 437 адамдын өлүмүнө төмөнкү оорулар себеп болгон:

  • 358 адам — жүрөктүн коронардык оорусу;
  • 24 учур — курч миокард;
  • 13 учур — мээдеги кан айлануунун курч бузулуусу;
  • 10 учур — бөйрөктүн курч жетишсиздиги;
  • 32 учур — башка себептер (суицид, онкологиялык оору жана башка).

sputnik