Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу

16 августа 2020 Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу

Адистердин божомолу боюнча, ноябрь-декабрь айларында COVID-19дун экинчи толкуну болушу ыктымал. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Ал коронавирустан айыккан адам кайрадан ооруп калбашына эч ким кепилдик бере албай турганын белгилеп, санитардык нормаларды сактап жүрүүгө чакырды.

"Мында экинчи толкун эмес, ноябрь-декабрь айларында сасык тумоо менен респиратордук вирустук инфекция жүрүп баштаса, буга COVID кошулганда кандай болот деген коркунуч турат. Бирок бул боюнча биздин медицина кызматкерлери максималдуу түрдө даярдык көрүп жатат", — деди Каратаев.

Ошондой эле ал мурдагы "Ганси" базасындагы "Семетей" обсервациясы миңден ашык орун COVID-19 жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырып даярдалып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, учурда жугуштуу илдеттер ооруканасы менен №6 шаардык оорукана кабыл алууда. Башка медициналык мекемелер кайрадан өзүнүн профили боюнча бейтаптарга жардам берүүгө өтүп жатканын белгиледи.

sputnik