COVID-19: Россияда массалык вакцинация качан башталары айтылды

17 августа 2020 COVID-19: Россияда массалык вакцинация качан башталары айтылды

"Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өткөн. Ал эми саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко вакцинация акысыз болорун айткан.

Россияда коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө саюу бир айдан кийин башталат. Бул тууралуу РИА новости агенттигине Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунунун директору Александр Гинцбург билдирди.

"Массалык вакцинация бир аз кечигиши мүмкүн. Анткени даяр болгон препарат каттоодон кийинки изилдөөлөрдөн өтөт. Ошондон кийин гана жарандарга жетет. Ал үчүн бир айча убакыт талап кылынат", — деп айтылат макалада.

Эске салсак, "Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өткөн. Ал эми саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко вакцинация акысыз болорун айткан. Ал эң биринчиден медиктер менен мугалимдерге жасалат.

sputnik