Бишкек — Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

12 августа 2020 Бишкек — Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

Бүгүн Бишкек — Ош автожолунда эки бензовоз кырсыктап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерде тартылган видеолор "Короче" Тelegram-каналына жүктөлдү.

Биринчи окуя Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында катталды. Бишкек — Ош унаа жолунун 239-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккан.

koroche. Видео

"Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу кызматынан бир бөлүм тартылган. Бирок от куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан тогуз кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү жол инспекторлору тарабынан көзөмөлдөнүүдө", — дешти ӨКМден.

koroche. Видео 2

Экинчи кырсык Ала-Белде болгон. Саат канчада жана кандай жагдайда болгону такталып жатат. Азырынча өрттөнгөн автоунаанын ичинде бир адам каза болгону белгилүү.

sputnik