АКШда коронавируска чалдыккан балдардын саны кескин өстү

13 августа 2020 АКШда коронавируска чалдыккан балдардын саны кескин өстү

АКШда балдар арасында коронавирустун тарашы акыркы бир айдын ичинде 90 пайызга көбөйүп кетти. Бул тууралуу Американын педиатрия академиясына таянып CNN кабарлады.

9-июлдан 6-августка чейинки маалыматтарды камтыган докладга ылайык, мамлекетте 179 990 бала коронавирус жуктурган. Жыйынтыгында башынан бери ооруган балдардын саны 338 982ге жетип, жалпы вирус жуктургандардын 8,8 пайызын түздү.

Вирус башталгандан бери АКШда 86 бала көз жумган. Бул жалпы каза болгондордун 0,06 пайызын түзөт. Маалымат 44 штат жана Нью-Йорк шаарынан чогултулган.

Ошондой эле кабарда вирус жуктурган балдардын басымдуу бөлүгү илдетти жеңил формада же симптомсуз өткөргөнү кошумчалады.

sputnik