Бишкек: аутизм менен ооруган 6 жаштагы Чыңгыз изделүүдө. Сүрөт жана белгилери

16 августа 2020 Бишкек: аутизм менен ооруган 6 жаштагы Чыңгыз изделүүдө. Сүрөт жана белгилери

Бишкекте 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев жоголуп табылбай жатат деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.

Бүгүн 16-августта саат 17:20лар чамасында бала Ак-Өргөө конушундагы үйдөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес.

Бою 130 сантиметр, кой көздүү, чачы күрөң, кыска кыркылган. Сол акырегинде так бар, аутизм менен жабыркайт, кыйналып сүйлөйт. Кызгылт сары футболка, боз шым, бутунда илип алма тапичке кийип жүргөн.

Бала тууралуу маалымат билгендер болсо милиция төмөнкү телефондорго кайрылууну сурайт: (0555) 10-21-49, (0502) 10-21-49, (0703) 68-68-83, (0707) 55-78-87, (0707) 55-78-87 жана 102.

sputnik