Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты

14 августа 2020 Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты

Сентябрь айынан тарта Россия жакынкы чет өлкөлөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу авиабайланыштарды жандантат. Бул тууралуу өлкөнүн Туристтик операторлор ассоциациясынын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта авиакомпаниялар КМШ мамлекеттерине, анын ичинде Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Арменияга туруктуу каттамдарды учура баштайт.

Россияда коронавирус боюнча абал турукташкандыктан, аталган багыттарга аба каттамдары жанданарын адистер белгилешет.

Мындан сырткары, сентябрда өлкөдө COVID-19га каршы вакцинаны өндүрүүнү пландап жатат.

Эпидемиологиялык абал КМШ мамлекеттеринде да жакшырууда. Анын үстүнө алар россиялык вакцинаны алууга ниеттенип жатышат. Бул да Россия менен алардын ортосундагы гуманитардык жана иш байланышын калыптандырууга өбөлгө болот.

"Россияда бул боюнча өкмөттүн деңгээлинде 20-августтан кийин айтышат", — деп белгиленет материалда.

Эки өлкөнүн авиакомпаниялары КРга аба байланыштарды жандантууну сунуштаган. 7-августтан тарта Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен туруктуу аба каттамдарын жанданткан. Каттамдарды Turkish Airlines, Fly Dubai, Avia Traffic Company жана Pegasus Airlines авиакомпаниялары жүргүзүп жатышат.

Кыргызстандыктар Россия менен аба жолунун ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп кетүү зарыл. Чек ара жабылгандан бери он миңдеген адам сыртта калган. Алардын көпчүлүгү үйүнө кайтууну каалап жатат.

sputnik