Бишкек тургундарынын үйүнөн баңгизат өстүргөн лаборатория табылды. Сүрөт

18 августа 2020 Бишкек тургундарынын үйүнөн баңгизат өстүргөн лаборатория табылды. Сүрөт

Борбор калаада баңгизат өстүргөн лаборатория табылды. Бул туурасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматта атайын жабдылган жайда маңзат өстүрүү ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлгөнү айтылат. 

Аталган лабораторияда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана Тергөө кызматтары тинтүү жүргүзүп, тергөө иштерин алып барган. Анын натыйжасында Бишкек шаарынын 42 жаштагы Г.И. жана 49 жаштагы Е.В. аттуу тургуну жашаган үйдөн кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн каннабис сорттору жана ар кандай түрдөгү кара куурайдын уруктары табылган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 273-беренеси ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") менен катталды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатканы белгиленет.

sputnik