13 августа 2020
Бүгүн Кыргызстанда дагы 310 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек - 99;
- Ош – 16;
- Чүй облусу – 15;
- Ош облусу - 35;
- Талас облусу – 9;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 55;
- Жалал-Абад облусу – 54;
- Баткен облусу - 19.
Ушуну менен март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 41 069 болду.