Бизде акча бар! МИК жарандарды мамлекеттик ипотека алууга чакырды

13 августа 2020 Бизде акча бар! МИК жарандарды мамлекеттик ипотека алууга чакырды

Мамлекеттик ипотека алууну каалагандар коммерциялык банктарга кайрылса болот. Бул максатка багытталган акча мамлекетте ири өлчөмдө бар. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова брифинг учурунда айтты.

"Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу максатында КР өкмөтү менен ГФР өкмөтүнүн ортосунда Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Учурда акча бар жана аз эмес. Ошондуктан каалоочулардын бардыгын чакырабыз", — деди Абжапарова.

Жеңилдетилген түрдө ипотекалык насыялар бир нече коммерциялык банктар аркылуу берилет. Жылдык 10 пайыздык чен менен 15 жылдык мөөнөткө сунушталат.

Долбоордун алкагында буга чейин 158 миллион сомго 153 насыя берилди.

Кайсы документтер зарыл:

программага катышууга анкета-арыз;

паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

акыркы үч жылдын ичинде турак жайынын жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты;

жашаган жеринен маалым кат.

sputnik