Wi-Fi толкунунун зыяны: андан кантип коргонууга болот?

18 августа 2020 Wi-Fi толкунунун зыяны: андан кантип коргонууга болот?

Wi-Fi-роутеринен чыккан электромагниттик нурлануудан оолак болуу үчүн аны уктоочу бөлмөдөн алыс коюп же түндө өчүрүп салуу керек. Бул тууралуу "Синергия" университетинин маалымат технологиялары институтунун директору Станислав Косарев билдиргендигин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Wi-Fi толкундары боюнча бир катар изилдөөлөр жасалган, бирок бир дагы эл аралык же олуттуу уюм анын адамдын ден соолугуна тикелей зыянын ырастай элек.

"Электромагниттик нурдануу интернет тараткан роутерден чыгат. Ошентсе да андай нурдануу электр кубаттуулугу менен иштеген бардык шаймандарга мүнөздүү. Биз электр чайнегинен чыккан толкундардан деле коргонгон жокпуз да", — деди эксперт.

Буга чейин эксперттер, коомдук жайлардагы бекер Wi-Fi роутеринен бир нече сайттарга кирбөөгө кеңеш беришкен.

Алар киберкоопсуздуктун эрежелерин эстен чыгарбай, көчөдөгү Wi-Fi финансылык сервистерге, интернет почталарына кирбөөгө жана онлайн-соода жасабай эле коюуга чакырышат.

sputnik