Министрлик студенттерди онлайн окутуу кандай форматта жүрөрүн түшүндүрдү

18 августа 2020 Министрлик студенттерди онлайн окутуу кандай форматта жүрөрүн түшүндүрдү

Жогорку окуу жайларда жана колледждерде менчигинин түрүнө карабай быйылкы окуу жылы онлайн форматта башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында кабыл алынган.

"Окуу процесси автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат. Окуу жайлар дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстерине ылайык, студенттердин өз алдынча ишинин планын иштеп чыгат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЖОЖдор аралыктан окутуу формасына керектүү санариптик окуу материалдары менен камсыздайт, өздүк маалыматтык билим берүү ресурстарын жакшыртат жана сабактарды дистанттык форматта уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны жаңылоо боюнча чараларды көрүшөт.

ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо уюштурулганы белгиленет.

Министрлик 17-августтан онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу окуу жайлардын өкүлдөрүнө тааныштырары айтылды.

sputnik