COVID-19: акыркы суткада төрт киши акка моюн сунду

14 августа 2020 COVID-19: акыркы суткада төрт киши акка моюн сунду

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус инфекциясына кабылган төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында жана Талас, Ош, Ысык-Көл облустарында бирден бейтап көз жумган.

Пандемия башталгандан бери жугуштуу оорудан 1 491 кыргызстандык көз жумду.

sputnik