Бишкекте карызы бар 10 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

14 августа 2020 Бишкекте карызы бар 10 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

«Түндүкэлектр» компаниясы 17-18-августта карызы бар 10 миң абоненттин жарыгын өчүрүүгө ниеттенүүдө.

Компания 26-марттан тартып өкмөттүн сунушу менен карызы бар абоненттерди өчүрүүнү үч айга токтотконун түшүндүрдү. Бирок учурда почта бөлүмдөрүнүн баары штаттык режимде иштеп жаткандыктан, «Түндүкэлектр» мурдагы иш ыргагын калыбына келтирет.

Электр кубатын өчүрүү аралыктан жүзөгө ашат.

Бишкекте дароо 10 миң абонент өчүрүлгөн учур буга чейин катталган эмес.

centralasian