Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаевдин өмүрлүк жары Жайнагүл Жекшенбекова дагы чыгармачыл адам, ырчы. Жубайларды чыгармачылык тааныштырып, табыштырган.
16 августа 2021"Айчүрөк" дүр-дүйнө соода борборунда бомба бар деп жалган маалымат берүүгө шектелип жаткан аял №1 тергөө абагына 22-августка чейин киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук соту билдирди.
13 августа 2021Президент Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго автоунаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
13 августа 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги пенсияны жогорулатуу боюнча эки мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
13 августа 2021Кыргызстандагы жогорку окуу жай, кесиптик лицейлерде да окуу жылы 15-сентябрда башталып, окуу жана каникул мөөнөтү бир аз өзгөрдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
13 августа 2021Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар күзгү, кышкы, жазгы каникулга качан тарай турганын маалымат жыйын учурунда билдирди.
13 августа 2021Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
13 августа 2021Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан 29 жаштагы А.А. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдирди.
13 августа 2021Коронавирус алгачкы жолу адамга лабораторияда же талаадагы изилдөөлөр маалында жугушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости даниялык окумуштуу, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобунун жетекчиси Питер Эмбаректин изилдөөлөрүнө таянып жазды.
13 августа 2021Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп окуучуларынын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
13 августа 2021Президент Садыр Жапаровдун "Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу" жарлыгына ылайык, медиктердин айлыгын көтөрүүгө 378,1 миллион сом багытталды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.
13 августа 2021Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстанга келгенде күйөрмандар тосуп чыкпаганы тууралуу социалдык тармактарда айтылып жаткан пикирлерге карата комментарий билдирди. Ал кайрылуусун өзүнүн Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө чыгарды.
13 августа 2021Финансылык кызмат көрсөткөн америкалык StoneX Group Inc. компаниясы "Кыргыз алтын" ААКсын 1 миллион долларга сотко берди. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.
13 августа 2021Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
13 августа 2021Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев өкмөттүн жаңы окуу жылынын башталышы боюнча токтомуна түшүндүрмө берди.
13 августа 2021Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
12 августа 2021Мээрим Жуманазарова дегенде ар бир кыргызстандык Олимпиада оюндарында намыска жарап коло байге уткан жылдыздуу, жүзүнөн жылмаюу кетпеген кызды элестетип калды.
12 августа 2021Президенттин иш башкармалыгы 60 миллион сомго жаңы 40 машина сатып алууга жарыяланган тендер тууралуу түшүндүрмө берди.
12 августа 2021Түркиянын Кара деңиз жээги тарабында суу ташкындап, адам өлүмү катталууда. Бул тууралуу Haberler жазды.
12 августа 2021Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу кеңешчиси Азамат Абсаттаров Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
12 августа 2021Август айынын аягында өтө турган Көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу мелдешине катышкан чет элдик командалар эл аралык лигада ойношот. Бул тууралуу аталган улуттук спорттун федерациясы билдирип, Өзбекстандан келген команданын курамын чыгарды.
12 августа 2021Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып, ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
12 августа 2021Кудайга шүгүр, быйылкы Токиодо өткөн Олимпиададан куру кол кайткан жокпуз. Спортчуларыбыз өлкөбүзгө эки күмүш, бир коло медаль алып келип баарыбызды кубандырды. Жалпы медалдык эсепте жетинин болбосо да жетимиш өлкөнүн бири болуп, өз жеңишибизди сыймыктана белгиледик.
12 августа 2021Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда жайгашкан чоң сарай күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
12 августа 2021Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт биримдиги" мекемеси 40 автоунаа сатып алууга тендер жарыялады. Бул туурасында маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына бүгүн, 11-августта, жүктөлдү.
12 августа 2021Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов дүйнөдөгү балбандардын ичинен экинчи орунга чыкты. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтындагы жаңыланган рейтингде жазылган.
12 августа 2021Эгер Казакстандын спортчулары Олимпиададан алтын утса, 21 миллион сом берилмек. Өзбекстан үстүнө үй, астына автоунаа тартуулап, колуна 17 миллион сом карматууда. Кыргызстан атлеттерди сыйлоого жумшаган каражаты боюнча Борбор Азияда үчүнчү орунда турат.
11 августа 2021Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
11 августа 2021Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү Куршаб айылынын 66 жаштагы тургуну Пашакан Жакыпованы табууга көмөктөшүүнү суранат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
11 августа 2021"Кумтөр" долбоору боюнча кылмыш ишинин 1992-2009-жылдардагы эпизоддору жыйынтыктоо этабына жетип калды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
11 августа 2021Токтогул шаарында дааратканага ташталган ымыркайдын энеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
11 августа 2021Афганистандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен жерин талибдер көзөмөлдөп жатат. ЖККУ террорчулардын кокустан кирип келүүсүнө даяр болушу керек. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтканына таянып, РИА Новости жазды.
11 августа 2021Кыргызстандык оор салмактагы белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков жаракат алганына байланыштуу OPEN FC турниринде беттешке чыкпай калды. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
11 августа 2021Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
11 августа 2021