Табышып койгула! Өзгөндө 66 жаштагы аял дайынсыз болууда

11 августа 2021 Табышып койгула! Өзгөндө 66 жаштагы аял дайынсыз болууда

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү Куршаб айылынын 66 жаштагы тургуну Пашакан Жакыпованы табууга көмөктөшүүнү суранат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ал 2021-жылдын 28-июнунда саат 10:00дөр чамасында жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, арык, кашы-көзү кара, чачы узун, кара. Ак түстөгү жоолук салынып, кызыл гүлдүү көйнөк, кара түстөгү чыптама, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Аялды көргөн-билгендер болсо (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41 номерлерине кабарлай алышат.


sputnik