"Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салтанат учурунда 90 бала ата-энесин таба албай калган. Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы адашып калган бладардын баары табылганын билдирди.
1 сентября 2021Кыргыз-казак эл аралык "Айтыш- 2021" сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
1 сентября 2021Динара Руслан быйылтан баштап Кыргызстандын премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси да болуп эмгектенип келет.
1 сентября 2021Акыркы маалыматтарга таянсак (июнь), Кыргызстандын ички карызы 64 миллиард 472,9 миллион сомго жетип, рекорддук көрсөткүчтү жаратты. Мындай жыйынтыкка Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтарын карап чыккандан кийин келүүгө болот.
1 сентября 2021Маалыматка караганда, шаар башчысы Алмаз Мамбетов менен президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эки бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырган.
1 сентября 2021Кыргызстандын аскер кызматкерлери бутага таамай атуу менен өзгөчөлөнүп алдыга чыккан. Эстафетанын финалдык баскычына дивизиондогу беш команданын төртөө чыгат.
1 сентября 2021Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы бир катар саясатчылардын жана жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алынуусу боюнча айтылгандарга түшүндүрмө берди.
1 сентября 2021Жамбыл облусундагы аскер кампасында болгон жарылуу учурундагы видео жарыяланды. Кадрлар кафеден жана башка объектилерден тартылган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
31 августа 2021Бишкекте Mercedes-Benz S 500 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө адамды тебелеп, кафени сүзгөн. Маалыматты борбор калаанын Ыкчам медицина борбору тастыктады.
31 августа 2021Республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төкмө акындар, артисттер, музыканттар, ырчылар, режиссёрлор мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыды.
31 августа 2021Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленип, анын урматына масштабдуу иш-чара борбор калаа Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болууда.
31 августа 2021БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясий партия кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.
31 августа 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, кыргызстандыктарды "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
31 августа 2021Мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды
31 августа 2021Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып айтты.
31 августа 2021Кыргызстанда салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
31 августа 2021Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көтөрүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.
31 августа 2021Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен "Ала-Тоо" аянтында куттуктады.
31 августа 2021Дагы эки саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
31 августа 2021Европа кеңеши быйыл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Брюсселге сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Шарль Мишель өлкө башчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
31 августа 2021Чоң-Алай районунун кыз-келиндери жасаган таарлар өлкө аймагында гана таанылып тим болбостон, Европадан да буюртма ала баштады. Ош облусундагы ондогон кол өнөрчүлөрдү бир нече жылдан бери "Чоң-Алай уздары" коомдук бирикмесинин төрайымы Жибек Туратбекова жетектеп келет.
31 августа 2021Бишкек — Ош жолунун 651-чакырымында, тагыраагы, Кара-Суу районунда Toyota Avensis автоунаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
30 августа 2021"Соң-Көл", "Ата мурасы", "Улуу тоолор", "Эне жүрөгү" аттуу мыкты күүлөрдүн автору Нурак Абдрахманов кыргыз элинин улуттук аспабы комузга дагы бир ирет жан киргизип кеткендей болду. Бул ирет боюна тоодой өнөрдү батырган улуу талантты эскердик.
30 августа 2021Маяна колго тиери менен бирдей суммада сактап коюуну адатка айлантуу керек... Акча чогултуу боюнча кеңештердин көпчүлүгү ушинтип башталат. Бирок көп кыйналбастан, кайсы бир өлчөмдө акча топтоп алып, ошол эле убакта өзүңдү ишенимдүү сезүүнүн башка жолдору да бар.
30 августа 2021Банан спорт менен алектенген же көп кыймылдаган адамдар үчүн эң сонун азык. Бул тууралуу диетолог Наталья Морагестин пикирине таянып "Известия" жазды.
30 августа 2021Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
30 августа 2021Бишкектин Профсоюзная жана Бородина көчөлөрүнүн кесилишинде чакан бус менен жолтандабас кагышып, экинчи автоунаа өрттөнгөнүн окуянын күбөлөрү кабарлады.
30 августа 2021Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп бүтүп, марага жетти.
27 августа 2021Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы айдоочуларды жол белгилеринин канчалык деңгээлде билгенин текшерди.
27 августа 2021Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду.
27 августа 2021Жамбыл облусундагы аскердик кампада болгон жарылуудан төрт аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдиргенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
27 августа 2021АКШ президенти Жозеф Байден "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун бир бөлүгү "Вилаят Хорасандын" лидери менен объектилерине сокку уруу боюнча буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
27 августа 2021Афганистандын борбор калаасында жайгашкан аэропорттогу жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу Wall Street Journal гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
27 августа 2021Дүйнөлүк уюм чемпионаттын беттештерине калыстык кылуу үчүн тандалган 55 мыкты калыстын тизмесин жарыялады. Анда кыргызстандык адис 31-катарда турат.
27 августа 2021