Жапаров алдыдагы беш жылда элге татыктуу жашоону убада кылды

31 августа 2021 Жапаров алдыдагы беш жылда элге татыктуу жашоону убада кылды

Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен "Ала-Тоо" аянтында куттуктады.

"Тарыхта татаал тагдырга туш болуп жок болуп кеткен улуттар, мамлекеттер көп болгон. Мындай элдин катарын толуктап калбаганыбыз үчүн жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк! Бүгүнкү улуу тарыхый датаны байтак калаабыздын толтосу касиеттүү "Ала-Тоо" аянтында белгилеп жатып, эгемендүүлүктүн калыбына келишине чейинки узак жана татаал жолду чапкан улуу ата-бабаларыбыздын эрдиги менен эмгегин да эскербей кетүү мүмкүн эмес", — деди Жапаров.

Ал жалпы тилек жана максат Кыргызстанды өнүктүрүү экенин айтып, аны төмөнкүчө негиздеди.

"Баарыбыздын мүдөөбүз, көксөгөн тилегибиз - Кыргызстанды туруктуу өнүккөн, көп улуттуу калкы ынтымакта жашаган, ар бир жараны өзүн бактылуу жана корголуу сезген өлкөгө айлантуу. Ошондуктан жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат - жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат", — деди президент.

Жапаров жакынкы беш жылдыкта кыргызстандыктардын жашоосун кескин жакшыртууга убада берди.

"Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым, мен сиздерге ишенимдүү түрдө баса белгилеп айта кетейин, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранын сапаттуу билим алуу, татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз. Дагы бир ирет улуу тарыхый майрамыңыздар менен куттуктайм! Жергебизде ар дайым "Манас" урааны жаңырып турсун!", — деди мамлекет башчы.

Президенттин куттуктоосунан кийин аянттагы эл аскердик парадга күбө болду.

Бүгүн өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда өзүн суверендүү мамлекет деп жарыялаган.


sputnik