Садыр Жапаров октябрдан тарта жөлөк пул канча сомго өсөрүн айтты

31 августа 2021 Садыр Жапаров октябрдан тарта жөлөк пул канча сомго өсөрүн айтты

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көтөрүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулу 4000 сомдон жогорулаган эмес.

"Жөлөк пул октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөк пулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат. Кыскача айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, жөлөк пулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болорун кошумчалады.


sputnik