30 августа 2021
Банан спорт менен алектенген же көп кыймылдаган адамдар үчүн эң сонун азык. Бул тууралуу диетолог Наталья Морагестин пикирине таянып "Известия" жазды.
"Спортчулар машыгууга чейин бананды көп жешет. Анда углеводдор көп болгондуктан дене көп кыймылдаган учурда сарптаган гликоген затынын ордун бат толтурат", — деди диетолог.
Ошондой эле бананда калий элементи көп экени айтылды.
"Узак машыгуудан же чуркагандан кийин денени майда калтырак басары белгилүү. Бул организмде калий элементи азайып кеткенинен кабар берет. Ал эми банан аны баланска алып келет", — деди адис.
Буга чейин диетологдор организмди суукка даярдаш үчүн кандай жер-жемиш зарыл экенин айтып берген.