31 августа 2021
Мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сыйлык Абдрахмановдун көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу берилди.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.