Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

1 сентября 2021 Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргыз-казак эл аралык "Айтыш- 2021" сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Баш байге акындар Асылбек Маратов менен Айбек Калиевге ыйгарылган.

1-орун:

  • Акматбек Султан уулу;
  • Аспанбек Шугатаев.

2-орун:

  • Нурмат Мансуров;
  • Турат Жумаев.

3-орун:

  • Кубат Тукешов;
  • Бөрүбай Орозымбетов.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Жеңижоктун 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы 31-август күнү жыйынтыкталды.

Айтыш Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Республикалык "Айтыш" коомдук фонду тарабынан уюштурулган.


sputnik