Токио Олимпиадасынын күмүш байгесин уткан кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиадага катыша турганын айтты.
23 августа 2021Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.
23 августа 2021Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) Кыргызстанда микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,7 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
23 августа 2021Кайсы доор болбосун билимдүү жана өнөрлүү адамдар бааланып келет. Кыргызстанда да билим алууну максат кылып, эч бир тоскоолдуктарга карабай дүйнөнүн төрт бурчунда окуп, ар тармакта иштеп жүргөн жаштарыбыз көп.
23 августа 2021Уфадагы коло байге үчүн беттешке Сезимдин атасы, машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров көз салып турду.
22 августа 202117 жаштагы Нурсултан Куштарбек уулу агайы жоктугуна байланыштуу жарым жылдан бери өз алдынча машыккан. Ошого карабай грэпплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында эки алтын медаль утуп алды. Мелдештер 13-14-август күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өткөн.
22 августа 2021Екатерина Мирниязова маникюр жасаганга чейин күйөөсүнүн беш миң сом айлыгына жан багып келишкен. Ал эми учурда айына 600 миң сом табат, жакында миллионго жеткирем деген тилеги бар.
22 августа 2021Тажик тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында жер казып, ага цемент куюп жатат. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
22 августа 2021Видеодогу эпизоддордун биринде Физиев менеджери менен Ысык-Көлдө өткөн Хабибдин турнириндеги Бусурманкул Абдибаит уулунун кармашын көрүп отурганы тартылган.
22 августа 2021Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионатында жарым финалга чыккан Кыргызстандын командасы өзбекстандык атаандаштарын 3:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирди.
22 августа 2021Бишкекте шаар тургундарынын көптөгөн өтүнүчү менен №17 автобустук маршрут ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
20 августа 2021"Коопсуз шаар — 2" долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын көчөлөрүнө бир нече камералар коюлду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
20 августа 2021Чүй облусунун Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Роза Мукаева коронавируска каршы эмделген соң каза болду деген адам боюнча жооп берди.
20 августа 2021Өлкөгө бир катар террористтик уюмдарды үгүттөө үчүн жалданып келген деген шек менен 27 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
20 августа 2021УКМК чет өлкөлүктөр Кыргызстанга уруксат кагаздары менен гана өткөрмө пунктулар аркылуу кире аларын белгилеп, өлкөнүн бардык чек араларында абал туруктуу экенин кошумчалады.
20 августа 2021Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов Instagram баракчасы аркылуу мамлекеттен алчу акчасын эмнеге жумшай турганын жазды.
20 августа 2021Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
20 августа 2021Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту. 55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, 7:6 эсебинде жеңишти алдырды.
20 августа 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
19 августа 2021Азиянын бириккен күрөш дүйнөсү (UWW Asia) уюмунун президенти Даулет Турлыханов Кыргызстандын Күрөш федерациясынын жана Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигин Токио Олимпиадасындагы ийгиликтери үчүн куттуктады. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
19 августа 2021Афганистандын футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу Заки Анвари Кабул аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенип жатып көз жумган. Бул тууралуу жергиликтүү журналист Бабак Тагваее өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
19 августа 2021Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундардын 2 миллион сомдон ашык акчага бааланган абрикосун алып, акчасын бергиси келбей өлкө аймагынан чыгып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
19 августа 2021Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова бүгүн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында килемге чыгат. Мурдагы күнү тартылган чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентин менен күч сынашат.
19 августа 2021Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирустан айыккандан кийинки синдром кайсы учурда өпкө рагына алып келиши ыктымал экенин айтты. Медиктин пикири РИА Новостиге жарыяланды.
19 августа 2021Афганистандын президенти Ашраф Гани Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Бул тууралуу маалыматты БАЭнин ТИМи кабарлады.
19 августа 2021Алматыга Афганистандан эвакуацияланган 42 киши учак менен алып келинди. Бул тууралуу Казакстандын Коргонуу министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
19 августа 2021Афганистандык студенттерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 500гө чейин виза берилет жана азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Руслан Казакбаев АКШнын өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана Американын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алганда билдирди.
19 августа 2021Эске салсак, 17-август күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Тоң районундагы бөлүгүндө (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Sprinter менен MAN үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
18 августа 2021"Талибан" кыймылы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандарды РИА Новости менен анын Telegram каналы жазды.
18 августа 2021Интернетте "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Афганистандын баш калаасы Кабулду ээлеп алгандан кийин бош убактысын кантип өткөрүп жатканы тартылган видеолор тарады. Бул тууралуу "Ридус" жазып чыкты.
18 августа 2021Ошто жолдун каршы тилкесине чыгып автоунаа айдап, айдоочуга кол салган Ы.С. аттуу милиция кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Ош ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
18 августа 2021Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өзүнүн расмий Telegram каналынан 14-15-август күндөрү чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Афганистандын учактары жана тик учактары тууралуу маалыматын өчүрдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады.
17 августа 2021Ички иштер министрлиги Бишкек менен Ошто мурда жабылып калган абак жайларын кайра ишке киргизет. Бул тууралуу ИИМ токтом долбоорун министрлер кабинетине сунуштап коомдук талкууга чыгарды.
17 августа 2021Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен Бишкектеги соода борбордо болгон чуулуу окуя боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.
17 августа 2021