Алматыга Афганистандан эвакуацияланган 42 киши учак менен алып келинди. Бул тууралуу Казакстандын Коргонуу министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учак саат 17:00дө конгон. Бортто 25 казакстандык (арасында 10 бала бар) жаран жана Казакстандын Кабулдагы элчилигинин кызматкерлери болгон. Мындан сырткары, кыргыз тараптын өтүнүчү менен 14 кыргызстандыкты ала келишкен.
Буга чейин Кыргызстандын ТИМи менен Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов 15 жаран эвакуацияланганын кабарлаган. Ниязов кыргызстандыктар так ушул рейс менен кеткенин белгилөөдө.
17-августта Афганистандан тогуз кыргызстандык мекенине кайтарылган. Элчи Ниязов Афганистанда жалпы жонунан 20 кыргызстандык бар экенин айтып, алардын бардыгы кызмат көрсөтүү тармагында иштеп келгенин билдирген.