Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.
Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык берилип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди.
Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.
Азыркы тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.
Эске салсак, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль алып байгелүү орунду ээлеген.