Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундардын 2 миллион сомдон ашык акчага бааланган абрикосун алып, акчасын бергиси келбей өлкө аймагынан чыгып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, милицияга Барскоон айылынын тургуну арыз жазып, августтун башында Али аттуу киши 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм абрикосту алып, акчасын бир жуманын ичинде төлөйм деп таптырбай кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүүнү алгач аэропорттун кызматкерлери кармап, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берген.
"Анын алкагында шектүү Россиянын М.М. аттуу 40 жаштагы жараны экени аныкталган. Ыкчам маалымат боюнча жакын арада өлкө аймагынан чыгып кетүүгө даярданып жатканы белгилүү болгондуктан "Манас" эл аралык аэропортуна жана Чек ара кызматына аны чыгарбоо боюнча билдирүү жиберилген. Шектүү республиканын аймагынан учканы жатканда аэропорттун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн алдамчылыктын дагы 60 учуруна тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон.
Чет элдик жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланып, ошондой эле дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.