Кубакыдагы жол кырсыгынан каза болгон 7 адам айылдаш болгон. Чоо-жайы

18 августа 2021 Кубакыдагы жол кырсыгынан каза болгон 7 адам айылдаш болгон. Чоо-жайы

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгон жети адамдын баары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынан болушкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди.

Эске салсак, 17-август күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Тоң районундагы бөлүгүндө (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Sprinter менен MAN үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, MAN үлгүсүндөгү унаа ылдый түшүп келе жатканда тормозу кармабай калган. Мындан улам жолдун каршы тилкесине чыгып, жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү бус менен кагышкан. Эки автоунаа тең аласалып кеткени айтылды. Кырсыктан жети адам көз жумган, анын бешөө ошол жерден мүрт кетсе, экөө ооруканадан үзүлгөн.

Жол кырсыктан көз жумгандар:

  • 74 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 54 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 45 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 27 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 60 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 62 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 14 жаштагы өспүрүм, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну.

Азыркы тапта 16 адам Кочкор райондук жана Балыкчы шаарындагы ооруканаларда экени маалым болду. Алардын ичинде эки унаанын айдоочулары да бар.

Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.



sputnik