Азиянын бириккен күрөш дүйнөсү (UWW Asia) уюмунун президенти Даулет Турлыханов Кыргызстандын Күрөш федерациясынын жана Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигин Токио Олимпиадасындагы ийгиликтери үчүн куттуктады. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолдонгон куттуктоо каты Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримовго, ошондой эле федерациянын вице-президенти Мелис Турганбаевге багытталган.
"UWW Asia уюмунун атынан Кыргызстандын Күрөш федерациясын жана Олимпиадалык улуттук курама команданы балбандардын ийгилиги менен куттуктайм. Сиздердин жетекчилигиңиздер менен күрөш федерациясы Олимпиаданын медалын уткан Мээрим Жуманазарова (кыздар күрөшүнөн коло медаль), Акжол Махмудов (грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль) жана Айсулуу Тыныбекова (кыздар күрөшүнөн күмүш медаль) сыяктуу балбандарды даярдады", — деп айтылат катта.
Турлыханов алардын бүтүндөй дүйнө эли үчүн оор кырдаалдагы талыкпаган эмгеги жана туруктуулугу үчүн ыраазычылык билдирген.
Эскерте кетсек, Олимпиада-2020 мелдеши Кыргызстандын тарыхында ийгиликтүү оюндардан болду. Анда грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов (77 килограмм) күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) коло жана Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) күмүш медаль уткан.