Ысык-Көлдө ЕАЭБдин премьерлери тар чөйрөдө жолукту. Мариповдун сөзү

20 августа 2021 Ысык-Көлдө ЕАЭБдин премьерлери тар чөйрөдө жолукту. Мариповдун сөзү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, саммит 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Бүгүн ага катышуу үчүн Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишти.

Анда Марипов бул жолугушуу Афганистандагы окуяларга дүйнө кооптуулук менен көз салып, аймактык коопсуздукка тиешелүү коркунучтар орун алып жаткан учурда өтүп жатканын белгилеген.

"Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринде табият кырсыктары сыяктуу ар кандай өзгөчө кырдаалдар орун алууда. Элди жапырт эмдөөгө карабай эпидемиологиялык абал да жеңил эмес. Мындан улам биздин биримдик биргелешкен аракет менен жаңы чакырыктарды жеңип чыга алат деп ишенем", — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйында кабыл алынган чечимдер ЕАЭБдин интеграциялашуусуна мыкты түрткү берет деген ишенимин билдирген.

20-августта өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары маалым болду.


sputnik