Батутта секирип, оюнчук машина айдап... Талибдердин көңүл ачкан видеосу

18 августа 2021 Батутта секирип, оюнчук машина айдап... Талибдердин көңүл ачкан видеосу

Интернетте "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Афганистандын баш калаасы Кабулду ээлеп алгандан кийин бош убактысын кантип өткөрүп жатканы тартылган видеолор тарады. Бул тууралуу "Ридус" жазып чыкты.

ВИДЕО

Көпчүлүк кадрларда согушкерлердин парктын аттракциондорунда каруселде айланып, батутта секирип көңүл ачып жатышканы тартылган. Бир видеодо алар шаардыктардын көзүнчө эле балдар ойноочу машинаны айдап жатышат. Аны да аттракциондун аянтчасында башаламан башкарып, бири-бири менен улам кагылышып жатканы көрүнүп турат. Согушкерлердин спорт залына барганы да тартылган.

Афганистанда акыркы аптада талибдер ири шаарларга кол сала баштагандан тарта кырдаал курчуган. Жекшемби күнү ЖМКлар жана маалымат булактары согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара бекеттерин көзөмөлгө алганын жазып чыгышты. Ошол эле күнү кечирээк талибдер Кабулга басып киришип, президенттик сарайды колго алганын билдирип чыгышты. Президент Ашраф Гани "кыргынды болтурбоо үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммед Наим өлкөдө дээрлик 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салып, мамлекетти башкаруунун жаңы формасы жакынкы күндөрү анык болорун билдирди.

Ал арада Афганистандын вице-президенти Амрулла Салехтин аскер күчтөрү Парван провинциясындагы Чарикар районунан талибдерди кууп чыгып, учурда Панджшер аймагында согушуп жатканы маалым болду. Салех өзүн өлкө жетекчиси деп атаган.

"Талибан"* Кыргызстанда жана башка бир катар мамлекеттерде террордук топ катары тыюу салынган уюм


sputnik