ИИМ Бишкек менен Оштогу мурда жабылып калган абактарды кайра ачат

17 августа 2021 ИИМ Бишкек менен Оштогу мурда жабылып калган абактарды кайра ачат

Ички иштер министрлиги Бишкек менен Ошто мурда жабылып калган абак жайларын кайра ишке киргизет. Бул тууралуу ИИМ токтом долбоорун министрлер кабинетине сунуштап коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы иштелип чыккан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорунда мыйзам бузгандарды беш суткага чейин камакка алуу жазасы киргизилгени белгиленет. Мындай чечим сот тарабынан, ал эми өзгөчө же согуштук абалда комендант тарабынан аныкталат. Аталган кодекс Жогорку Кеңештен үч окуудан өтүп, президентке жиберилген.

"Азыркы кезде камоо жазасы жоктугуна байланыштуу кылмыш же бейбаштык жасаган адам үйүнө келгенде, өзгөчө мас абалында болсо үй-бүлөсү оор абалга кептелет. Бул жаш балдарга, үй-бүлө мүчөлөрүнө карата кайрадан зомбулук жасоо, оор кесепеттерге алып келүү кооптуулугун жаратат. Камакка алуу зарылчылыгынын башка көрсөткүчү катарында 2020-жылы коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө абал киргизилгенде пайда болгон көйгөйлөр эсептелет. Коменданттык сааттын режимин бузган адамдарды кармоо жайлардын жана мыйзамдуу ченемдин жоктугунан эртең мененкиге чейин эле милиция бөлүмдөрүндө кайтарууга мажбур болушкан", — деп айтылат маалыматта.

Документте жогоруда аталган ченемдерди аткаруу айрым имараттарды жана бөлмөлөрдү реабилитациялоону талап кылары жазылган.

Мындан улам Бишкек ШИИБдин кабыл алып-бөлүштүрүү жайынын 2019-жылга чейин иштеп келген имаратын, ошондой эле Ош ШИИБдин мурда иштеп келген кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайынын имаратын пайдаланууга киргизүү маселесин чечип жатканы белгиленген.

Буга байланыштуу министрлер кабинетине камакка алынган адамдарды кармоо үчүн ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайлары жөнүндө жобону бекитүү сунушталган.



sputnik