Аялдардын укугу, баңгизат, диний ишенимдер. Талибдер эмне убадалоодо

18 августа 2021 Аялдардын укугу, баңгизат, диний ишенимдер. Талибдер эмне убадалоодо

"Талибан" кыймылы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандарды РИА Новости менен анын Telegram каналы жазды.

Урунттуу учурлардан кыскача:

  • Афганистандын бардык чек араларын көзөмөлдөп турушканын жар салышты;
  • Афганистанга курал-жарактарды аткезчилик менен алып келүүгө жол бербөө жана буга чейин өлкөдөгү куралдарды каттоону пландап жатышат;
  • баңгизаттын бир дагы түрүн чыгарышпайт, бирок буга эл аралык жардам керек;
  • алар эсептешип отурууну каалашпайт, ошондуктан кыймылга каршы болгондордун баарына кечирим берүү актын чыгарышты;
  • Афганистандагы бардык өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аймактары толугу менен коопсуздукта болот;
  • бардык афган жарандарынын диний ишенимдерин жана руханий баалуулуктарын урматтоого убада беришти;
  • жалпы жарандарга, ал тургай АКШ менен кызматташкандар да коопсуздукта болот деп сөз берип, өлкөдө эле калууга үндөштү;
  • аялдардын коомдогу ролун баалай турганын, алар өлкөнү өнүктүрүүгө жардам берерине ишенерин билдиришти;
  • ислам эмирлиги өлкөдөгү аялдарга шарият жана мыйзам тарабынан каралган бардык укуктарды берүүгө милдеттенме алат;
  • жаңы өкмөткө коомдун бардык катмарын кошууну көздөп жатышат.



sputnik