Жамбыл облусундагы аскердик кампада болгон жарылуудан төрт аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдиргенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Кечээ Кыргызстан менен чектешкен Байзак районундагы № 28349 (инженердик-сапердук бригада) аскер бөлүгүндө жарылуу болуп, ири өрт чыккан. Андан снаряддар жарылып, тегеректи көздөй уча баштаган. Кырсыкка жакын жердеги айылдардын 700 тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу. Жарылуулар түнкү сааттарга чейин уланган.
Убактылуу эвакуация пунктунда 170 киши бар. Акыркы маалыматтарга ылайык, ооруканага түшкөн 28 адамдын ичинен алтоонун абалы оор экени айтылууда. Төрт аскер кызматкери каза болгон. Дагы үч аскер кызматкери менен байланыш болбой жатат. Өрт учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 49 кызматкери жабыркаган, айрымдары дайынсыз болуп, аларды издөө иши уланууда. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берилери айтылды.
Коргоо министрлиги жардыруу, өрт атайын жасалган болушу мүмкүн экенин четке какпайт.
"Кырсыктын келип чыгышын тергөө-ыкчам тобу иликтейт. Биз алдын ала версиялар боюнча ар кандай себептерди жокко чыгарбайбыз. Бул коопсуздук талаптарынын бузулушу, өзүнөн өзү күйүү жана химиялык реакция болушу мүмкүн. Атайылап өрттөө же саботаж болушу мүмкүн деген версиялар да жокко чыгарылган эмес", — деген коргоо министри Нурлан Ермекбаев.
Ал кошумчалагандай, адистердин билдиргенине караганда, дагы жарылуу болбойт, өрт өчүрүлүүдө.