АКШ президенти Жозеф Байден "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун бир бөлүгү "Вилаят Хорасандын" лидери менен объектилерине сокку уруу боюнча буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
ЖМКлардын жазганына караганда, аталган уюм Кабулдун аэропортундагы жарылууну жасагандыгын мойнуна алган.
"Командачылыкка "Ислам мамлекети" менен "Вилаят Хорасандын" жетекчилигине, объектилерине жана активдерине сокку уруу боюнча ыкчам пландарды иштеп чыгууга буйрук бердик. Өзүбүз тандаган жерде жана маалда аларга күчтүү жана таптак жооп беребиз", — деген Байден.
Президент чабуулду жасагандар жазасын аларын айтып, АКШ аларга жетүүнүн жолдорун табарын билдирген. Байден муну менен бирге эле Афганистанда болуп жаткан окуялардын бардыгына өзүнүн жоопкерчилигин "фундаменталдуу" түрдө мойнуна аларын айткан.
Эске салсак, кечээ, 26-августта, Афганистандын борбору Кабул шаарынын аба майданында эки жарылуу болгон. Анын бири чет элдиктер (АКШ жана Улуу Британия жарандары) чогулган Baron отелинин жанында жаңырган. Жан кечти террорчу бул ишти жасагандан кийин эле мина коюлган автоунаа да жарылган.
Афганистандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, 100дөй адам өлүп, 150гө чукул киши жаракат алган. Мурдагы кабарларда көз жумгандардын саны 40 киши деп айтылган болчу. Пентагондун маалыматтарына таянсак, каза тапкандардын арасында америкалык 13 аскер бар. Дагы 12си жаракат алган.
ЖМКлар "Ислам мамлекетинин"* билдирүүсүнө таянып, аба майдандагы жарылууну алар жасагандыгын жазды. АКШ чабуулга "Вилаят Хорасан" тобунун да тиешеси бар экенин белгилөөдө.
* – Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.