Уят да, байке! Автоинспектор айдоочулардын билимин текшерген видео

27 августа 2021 Уят да, байке! Автоинспектор айдоочулардын билимин текшерген видео

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы айдоочуларды жол белгилеринин канчалык деңгээлде билгенин текшерди.

Видео Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда тартылган. Руль башкарып бара жаткандар менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев сүйлөштү.

Алгачкы эки айдоочу жол белгилеринин "маанисин" туура түшүндүрүп бере алышкан. Үчүнчү киши "Негизги жол" белгисин аныктай албай бир топ кыйналды. Ал башкаларын деле айтып бере алган жок.

Автоинспектор ылдамдык менен жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин да жүргүзгөн. Видеодон 18 жүргүнчүнү ташып келе жаткан айдоочуга саатына 110 чакырым менен жүргөндүгүн аныктап берип, аны уяткарып жатканын көрүүгө болот.

"18 кишини салып алып, 110 менен "уруп" келе жатасыз. Ал "еще" маршрутка экен. Былтыркыны эле эсептесек, жол кырсыгынан 754 адам кайтыш болду. 17 жыл стажыңыз бар экен. Канча адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруп, ушунча ылдамдык менен келе жатасыз. Бул уят да. Туурабы, байке", — деди автоинспектор.

Жүргүнчү ташыган айдоочу көрсөтүлгөн жол белгилери боюнча "сынакта" жеткиликтүү жооп бере алган жок. Дагы бир айдоочу сураган жол белгилерин канааттандырарлык деңгээлде айтып берди.


sputnik