Кабул аэропортундагы жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты

27 августа 2021 Кабул аэропортундагы жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Афганистандын борбор калаасында жайгашкан аэропорттогу жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу Wall Street Journal гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, түндө Кабулдагы аэропортко жакын жерде эки ирет жардыруу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 40 киши каза тапканы, жабыркагандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар экени айтылган.

Ал эми акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 100дөн ашты. Алардын 90у жергиликтүү тургундар, 13ү америкалык аскерлер экени белгилүү болду.

"Биринчи жарылуу аэропортко жакын жайгашкан Baron мейманканасынан анча алыс эмес жерде болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул жерге АКШ, Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин жарандары чогулган. Жарылууну террорчу жан кечти уюштурган", — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, бул чабуулдар боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" террордук уюму алды. Ал эми АКШ буга "Вилаят Хорасан" уюмунун тиешеси бар деп эсептөөдө.

*Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.


sputnik