"Ала-Тоо" аянтындагы эгемендүүлүк майрамында 90 бала жоголду

1 сентября 2021 "Ала-Тоо" аянтындагы эгемендүүлүк майрамында 90 бала жоголду

"Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салтанат учурунда 90 бала ата-энесин таба албай калган. Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы адашып калган бладардын баары табылганын билдирди.

"Балдардын баары табылып, ата-энелерине, жакындарынын колуна берилди. Бир бала ИИМдин алдындагы Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилди", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, кечээ Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад, кечинде концерт уюштурулуп, майрамдык салют атылды. Аны көрүү үчүн миңдеген кыргызстандык келген.


sputnik