Президент Жапаров: жаңы жылдан тарта салыктын бир эле түрү төлөнөт

31 августа 2021 Президент Жапаров: жаңы жылдан тарта салыктын бир эле түрү төлөнөт

Кыргызстанда салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Президент салыгын төлөгөн ишкерлер бейкапар, тынч жашай турганын айтты.

"Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Кыргызстан ак иштеп, салыгыңды төлөп койсоң, бейкапар, тынч жашооңо эч ким кийлигишпеген өлкөгө айланууга тийиш. Өнүккөн өлкөлөрдө эзелтен ушул принцип уланып келет. Биздин алардан эмнебиз кем? Ошол себептен, жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет", — деди Жапаров.

Анын айтымында, салык жана бажы тармагындагы жат көрүнүштөрдү жоюу, тоо-кен тармагын улуттук кызыкчылыктарга жараша иштетүү аркылуу быйылкы жылдын жети айында 12 миллиард сом кошумча резерв табууга мүмкүн болду. Натыйжада коронавируска каршы дары-дармек, вакцина сатып алуу менен бирге пенсия жана жөлөк пулдарды жогорулатуунун камы көрүлүп жатат.


sputnik