Бишкектин борборун аралаган айбаты күчтүү аскердик техникалар. Видео

31 августа 2021 Бишкектин борборун аралаган айбаты күчтүү аскердик техникалар. Видео

Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленип, анын урматына масштабдуу иш-чара борбор калаа Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болууда.

Бүгүнкү аземдин башкы окуясы күч түзүмдөрүнүн эки миңдей өкүлү катышкан аскердик парад болду. "Ала-Тоодон" Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын кызматкерлери басып өттү.

Элдин алдынан айбаты күч аскер техникалары жүрүш жасады. Алар беш колоннадан турган танкалар, сооттолгон техникалар, артиллерия, пилотсуз башкарылуучу учактар болду. Парадды коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетектеп, аны башкы командачы Садыр Жапаров кабыл алды.

Жүрүштү спортчулар, искусство ишмерлери, мугалимдер, дарыгерлер улантты. Ал эми кечинде, саат 22:00дө, "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болуп, салют атылат.


sputnik