Баткенде чек аранын жанынан оорукана тарапты көздөй ок атылды. Сүрөт

12 августа 2021 Баткенде чек аранын жанынан оорукана тарапты көздөй ок атылды. Сүрөт

Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып, ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:10дор чамасында Тажикстан тараптан бир ирет ок атылган. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Эч ким жабыркаган эмес.

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылына жакын жерде кызмат өтөгөн чек арачыларынын куралын текшерерин убадалаган.

"Саат 17:00дө тараптардын чек ара өкүлдөрү жолукту. Анда тажик тарап куралдарды текшерүүдө чек арачылар ок чыгарбаганы аныкталганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара өкүлү ок кокустан атылып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Жолугушууга келгендер ар кимиси өз тарабында териштирүү жүргүзүүнү макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.


sputnik