Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар күзгү, кышкы, жазгы каникулга качан тарай турганын маалымат жыйын учурунда билдирди.
Эске салсак, 2021-2022-окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Жусупбекова окуу жылы 15 күнгө кеч башталгандыктан окуу жүктөмү дагы бир аз өзгөрө турганын айтып, аны түшүндүрүп берди.
"I чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт. Ошондо окуучулар 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин күзгү каникулга тарап, эс алышат. II чейрек 15-ноябрда башталып 31-декабрда аяктайт. Кышкы каникул 1-январдан 10-январга чейин уланат. III чейрек 11-январда башталып, 18-мартта бүтсө, жазгы каникул 21-марттан 27-мартка чейин болот. IV чейрек 28-мартта башталып, 8-июнда окуу аяктайт", — деди министрдин орун басары.
Министрдин орун басары окуу жылынын башталышы жылганы менен көп эч нерсе деле өзгөрбөй турганын кошумчалады.