Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан киши камакка алынды

13 августа 2021 Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан киши камакка алынды

Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан 29 жаштагы А.А. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, жаран абакта 48 саат кармалып, андан соң Октябрь райондук соту тарабынан бөгөт чарасы тандалат. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Эске салсак, окуя 2-август күнү Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чапкан.

Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренесине ("Бейбаштык") өзгөртүлгөн.


sputnik