ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды

13 августа 2021 ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды

"Айчүрөк" дүр-дүйнө соода борборунда бомба бар деп жалган маалымат берүүгө шектелип жаткан аял №1 тергөө абагына 22-августка чейин киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук соту билдирди.

9-август күнү укук коргоо органдарына ЦУМга жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат түшкөн. Буга байланыштуу соода борбордун аймагы курчоого алынып, ичиндеги эл эвакуацияланган. Кишилер барымтага алынды деген маалымат да жалган болуп чыккан. Бир аздан кийин милиция "Чынар" (ГУМ) соода борборун курчоого алган, бирок ал жактан да эч нерсе табылган эмес.

УКМКнын ыкчам-тергөө тобу телефон чалып жалган маалымат кабарлаган адамды аныктоо боюнча иш алып барган. Ал эми факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү") боюнча каттоого алынган.

Күч түзүмдөрү шектүү катары 27 жаштагы аялды кармаган. Алдын ала маалымат боюнча, ал ЦУМда иштеген жолдошун коркутуу үчүн ушундай кадамга барган.


sputnik