Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу

12 августа 2021 Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу

Колумнист Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандын спортто көрсөтө турган ийгилиги алдыда экенин айтып, ага жетүүнүн жолдорун тизмектеп берди.

Кудайга шүгүр, быйылкы Токиодо өткөн Олимпиададан куру кол кайткан жокпуз. Спортчуларыбыз өлкөбүзгө эки күмүш, бир коло медаль алып келип баарыбызды кубандырды. Жалпы медалдык эсепте жетинин болбосо да жетимиш өлкөнүн бири болуп, өз жеңишибизди сыймыктана белгиледик.

Жүрөктөрдү бириктирген күйөрмандык

Бешенебизге эгемендүүлүк насип болуп, бийик түндүктүү, кырк нурлуу кызыл туубуз желбирегенден берки спорт жаатындагы эң чоң ийгиликти багындырышыбыз ушул. Пандемия апааты калың тумандай тумчуктуруп, экономикалык каатчылык, кымбатчылык алка-жакадан алып жүдөтүп турганда спортчуларыбыздын бул ири жеңиши элибиздин демине дем, күчүнө күч кошуп, духун жалбырттатып, көңүлүн көкөлөттү. Рахмат, Айсулуу, Акжол жана Мээрим баштаган биздин олимпиадачылар, аларды таптаган саяпкерлер. Медаль деген тек гана темирден кечтеленип жасалган сыйлык эмес, ал — жеке жашоону жыйыштырып коюп күн-түн дебей тер төккөн ырааттуу, сабаттуу жана максаттуу күжүрмөн эмгектин акыбети жана далили. Жеңишти спортчуларыбыз алып келди, бирок ал жеңиштин даңазасы, даңкы — баарыбыздыкы.

Балбандарыбыз мыкты даярдыгы жана жан алакети менен Токиону дүңгүрөтүп жатканда, биз, кыргызстандыктар, бул жакта күйөрмандык маданияттын жана рухтун жаңы бир деңгээлин көрсөтүп, тарых барактарын жаздык. Качан башка элдер өз өлкөсүндөгү эң чоң аянтына кылкылдай топтолуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, спортчуларын күйүп-жанып колдогон окуя болду эле? Мындай көрүнүштөр бир гана футбол боюнча эл аралык биринчиликтер өтүп жатканда байкалчу. А бирок атлеттер жекеме-жеке кармашкан күрөш мелдешине мынчалык массалык кызыгууну дүйнөлүк спорт таржымалы али биле элек болчу.

Акжол Махмудов баатырыбыздын айтымында, биздин ушундай биримдигибиздин эпкини Токиодогу Олимпидага катышкан эл аралык спорт чөйрөсүнө чейин жетип, аларды таңдандырыптыр, суктандырыптыр. Спортчуларыбыз ошондогу фото жана видеокадрларды килем үстүндө атаандаш болгону менен чыныгы жашоодо тели-теңтушка айланган чет элдик спортчуларга көрсөтүп, сыймыктанганы кандай кубанарлык нерсе. Чемпиондорубузга машыгуу үчүн мыкты шарт түзүп берүүгө, керек болсо чоң мелдештерге саяпкерлерин кошуп жөнөтүүгө колубуз жукалык кылганы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Ошондой шартта жок дегенде алтын убактыбызды бөлүп, башыбызды, жүрөктөрдү бириктирип, кайталангыс сезимдер аркылуу айлык аралыктан каармандарыбызга колдоо көрсөтүү менен өзгөлөргө өрнөк болчу бийиктикти көрсөттүк.

Кечээги окуя — бүгүнкү икая

Өткөн өттү. Эми келечекти карайлы. 2021-жылдагы ушул ийгиликтерди эс тутумга шурудай кадап алып дагы канча жыл оозубузду куу чөп менен аарчып мактануу менен алектенебизби же тарыхты талдап, каталарды кайталабай бар көрөңгөбүздүн бараанын чыгарып, барган сайын Олимпиадада байге алмай кадыресе көрүнүшкө айланган деңгээлге өсүп жетилебизби? Бул – жообу белгилүү риторикалык суроо. Өсүшүбүз керек, бышышыбыз керек! Башка сөз жок!

Кантип дейсизби?

Ар бир кыргызстандыкта спортко болгон кызыгууну ойготуу зарыл. Азыр өзүнүн мыктылыгын, спортчу катары эбегейсиз көрөңгөсүн билбегендиктен машыкпай жүрүп убактысын өткөрүп жибергендер канча? Ошондойлор айылында, эгер айылында шарт болбосо, Айсулуу Тыныбекова сыяктуу студент болгондон кийин шаардагы залдарга барып, спорт менен шугулданууну баштаса көптү көргөн машыктыруучулар талантын, дареметин байкап жарышка салчу тулпардай таптоого киришмек. Бирок ал үчүн ошондой жөндөмдүү балдар өздөрү спорт секциясына жок дегенде бир жолу баш бакканга кызыктырчу идеология керек. Мындай идеологияга эң сонун инструмент — бул кино. Элибизден чыгып, туубузду желбиретип, гимнибизди жаңырткан спорт мыктылары жөнүндө көркөм фильмдерди тартуу өтө маанилүү. Эл-журт билген каармандардын турмушуна жана чыныгы жашоого негизделген мындай фильмдер, буюрса, сөзсүз популярдуу болот. Ошону менен бирге көргөн кишинин мекенчилдик сезимин козутуп, спорттун бир түрү менен астейдил машыгууга шыктандырат. Даңазалуу советтик хоккейчи, өз убагынын супер популярдуу спорт жылдызы Валерий Харламов тууралуу "Легенда №17" тасмасын көздөн өткөргөн адам өмүрүндө муз көрө элек африкалык болсо да, куру дегенде бир ирет бутуна коньки байлап, колуна бүкүр таяк кармап, шайба кубалагысы келери чын.

Мюнхенде өткөн ХХ жайкы Олимпиадалык оюндарда СССРдин баскетбол боюнча курама командасы АКШнын баскетболчуларынан катуу кармаштын акыркы үч секундунда кантип жеңишти тартып алганын баяндаган режиссер Антон Мегердичевдин "Өйдөгө карай кыймыл" (Движение вверх) спорттук драмасын көрсөң каныңды бир дүргүтүп, сезимиңди толкутуп алат. Андан соң асылып турган торлуу чоң шакекке ыргытып көргөнү баскетбол тобун издеп каласың. Америкалыктар да хоккей боюнча улуттук командасы 1980-жылдагы кышкы Олимпиадада СССРдин жеңилбес курамасын кантип алтын медалсыз калтырганын сүрөттөгөн "Муздагы керемет" фильмин чебердик менен тартышкан.

Даңазалуу спортчулар Мухаммед Али, Пеле, Лев Яшин, Майк Тайсон тууралуу кызыктуу тасмалар тартылып, дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдардын спорт менен достошуусуна себеп болгон. Биздин киноиндустрия азырынча мындай өзгөчөлүгү менен мактана албайт. Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Сатымкул Жуманазаров, Нурлан Абдыкалыков, Игорь Паклин, Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Канат Бегалиев, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов – булардын ар биринин тагдыры эң мыкты мотивациялык көркөм тасманын сюжети болуп бере алат. Бирок, аттиң, азырынча мындай долбоордун шек-шыбырты да жок. Спорт менен маданият, анын ичинде кино тармагы бир министрликтин жоопкерчилигине жүктөлгөн азыркы шартта бул идеяны ишке ашыруу милдет. Муну менен биз спортту эле даңазалабастан, өзүбүздү таанып, өткөнүбүз менен сыймыктанып, келечекке ишенимдүү кадам таштоого үйрөнмөкпүз. Португалиялык Роналду менен аргентиналык Мессиге альтернатива катары өз кумирлерибиздин кадырын көтөрмөкпүз.

Ким издесе табат!

Анан да мыктыларды атайын издөө керек. Кара-Кулжанын Биринчи май айылында Шадай деген дыйкан адам өткөн экен. Сугат сугарып жатканда арыкты жыра качкан атчанга жөө кубалап жеткени тууралуу замандаштары айтып калышчу. Ошондой шадайлар азыр деле жер-жерлерде толтура болуш керек. Өмүрүндө машыгуу залын көрбөй туруп кармашканын көрпөдөй силкип, саман салган каптай көтөрүп ыргытчу табиятынан балбан жигиттерибиз канча. Суунун бул өйүзүнөн тигил өйүзүнө бүргөдөй секирген шамдагайлар четтен чыгат. Бурула калып атса бутасына жазбай тийгизген мергендерибиз толтура. Ошондой таланттууларды издеп таап, жөндөмүнө жараша машыгууга салса кантип жыйынтык болбосун?

Бабасына өңү да, мүнөзү да куюп койгондой окшош бөбөктү көрүп бирөө "канды кайда алып барасың?" деп таң калган экен. Бир кезде Азиянын үчтөн бирин каратып, улуу Каганат түзгөн элдин канына ат жалы менен тең ойномой, жабалактата жаа атмай, кылыч шилтеп, найза ыргытмай сыяктуу жөндөмдөр кантип сиңбей койсун? Ат оюндары, фехтование, жаа тартмай, найза ыргытмай боюнча мелдештер дале уланып келет. Булардын ар бири олимпиадалык спорт түрлөрү. Ошондой угутубузда бар өнөрлөрдү жандантсак, балким эл аралык жарыштарда дагы да көбүрөөк ийгиликтерге жетет белек. Айтор, күрөштөн башка да багыттарда ийгилик чокусун багындырууга дараметибиз жетерине шексиз ишенем.

Албетте, каражат сарптамайын спорт өнүкпөйт. Сайда саны жок иштерге, аземдерге, майрамдарга, фильмдерге, мааракелерге миллиондогон каражаттар жумшалып, кумга сиңген суудай ың-жыңсыз жоголууда. Ошол бейпайда корогон инвестицияны спорт тарапка буруу шарт. Бирок спортту караган чиновниктердин кулкунуна кетип калбаш жагын да тыктыр көзөмөлгө албаса болбойт. Анан күрөшкө көмөк көрсөтүүнү бир бай компанияга, оор атлетчилерди сүрөөнү башкасына табыштаган система куруу туура деген ойдомун.

Элибиздин ишеними түз, ой-чабыты кенен, пейили айкөл, дени сак, бакубат, убактысы иреттүү жана берекелүү болсун. Спорт ушунун баарына тарбиялайт. Биздей эле аз сандуу болгону менен кышкы спорт түрлөрү боюнча алдына ат салбаган норвегиялыктардан эмнебиз кем?

Спорт державасына айланалы!

sputnik